Эмгек министри Жылдыз Полотова Өзбекстандын тармактык мекемеси менен ниеттер тууралуу протоколго кол койду
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова менен Өзбекстан Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу министри Бехзод Мусаев эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция жаатында ниеттер жөнүндө протоколго кол коюшту.
Кол коюу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында болду.
Документте эки министрлик эмгек рыногунда активдүү чараларды иштеп чыгуу, адистерге болгон муктаждыкты болжолдоо жана талап кылынган кадрларды даярдоо, миграция жаатындагы кызматташуу боюнча жолугушууларды жана консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүп турганы жазылган.
Ошондой эле министрликтер аялдар, жаштар, майыптыгы бар адамдар, кайтып келген эмгек мигранттары, улгайган калк менен иштөө боюнча кеңешүүгө ниеттенүүдө.