Эмгек министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Япониядагы жаштарды ишке орноштуруу маселесин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Япониянын Шибата шаарынын мэри Каору Никайдо менен жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун темасы кыргызстандык жаштардын Ниигата Префектурасында жайгашкан Шибата шаарына жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду.
Маектешүүнүн жүрүшүндө министрдин орун басары ведомствонун жүргүзүп жаткан саясаты жана жарандарды ишке орноштуруу багытындагы приоритеттери жөнүндө айтып берди.

Дарманкул уулу Бакыт кол коюлган кызматташтык меморандумунун алкагында КРнын Эмгек министрлиги менен Япониянын Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек жана бакубатчылык министрлиги жана Япониянын улуттук полиция агенттиги менен кызматташуу жөнүндө кол коюлган Меморандумдун алкагында эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, “Белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер”болуу статусу бар чет өлкөлүк эмгек ресурстарына тиешелүү системанын туура иштешин аныктайт.

Пайдалуу
Ссылкалар