Кемин районунда 65 үй-бүлө социалдык контракттын негизинде бизнес-долбоорлорду ишке ашыра алат

Бүгүн, 24-июлда Кемин районунда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган 65 үй-бүлөгө 100 миң сомдон сертификат тапшырылды. Эми алар өз бизнесин ачып же колдоп, туруктуу киреше таба алышат.
Программанын алкагында 2 жылда райондо 63 бизнес долбоор ишке ашырылган. Алардын ичинен: айыл чарба тармагында – 53, өндүрүш тармагында – 7,кызмат көрсөтүү тармагында – 3 долбоор ишке ашкан.
Белгилей кетсек, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам программанын мазмунуна жараша үч жылга дайындалат жана төмөнкү максаттарды көздөйт:
– үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге түрткү берүү;
– социалдык коргоо системасынан жетиштүү көз карандысыздыкка ээ болуу жана коомдун жашоосуна толук катышуу максатында үй-бүлөлөрдү жашоо деңгээлин жогорулатууга шыктандыруу;
– үй-бүлөлөрдүн эркин эмгек жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартуу;
– үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун багуудагы жүйөсүн азайтуу;
– чакан ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
– жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.
Пайдалуу
Ссылкалар