Кыргызстандык жубайлар Сардинияда ишке орношо алышат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору “COLDIRETTI SARDEGNA ” менен кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол койду.
Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу жана Сардиния (Италия) аймагына, фермердик чарбага үй-бүлөлүк жубайларга басым жасоо менен жумушчу ресурстарды тартуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле турак-жай, мыйзамдуу туруу жана медициналык камсыздандырууну камтыган социалдык пакеттер талкууланды. Андан тышкары, иш берүүчүлөр Италияга көчүп келгенден кийин италиялык тилди жана маданиятты окутууга даяр экендиктерин билдирип, кыргызстандык жумуш издөөчүлөр үчүн реалдуу перспективаларды түзүштү.
Кызматташуу келишимине кол коюу Кыргызстандын Италиядагы Элчилигинин активдүү колдоосу жана элчи Таалай Базарбаевдин катышуусу менен мүмкүн болду.
Бул макулдашуу Сардиния (Италия) аймагында Кыргызстандын жарандарынын ишке орношуусунун келечектүү мүмкүнчүлүктөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев бул Макулдашуунун эки өлкөнүн мындан аркы кызматташуусу үчүн маанисин баса белгиледи. Ал колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул келишим эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү жолундагы маанилүү кадам экенин белгиледи.
Статистика и объявления
Продвигать публикацию
Все реакции:

28

Пайдалуу
Ссылкалар