Эмгек министрлиги: Жыл аягына чейин кайсы долбоорлор артыкчылыктуу болот

Бүгүн, 26-июлда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Коллегияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, Жогорку Кеңешинин депутаттары Винера Раимбачаева жана Камила Талиева, коллегиянын мүчөлөрү, министрликтин алдындагы түзүмдүк, ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышышты.
Коллегияда ар кандай багыттар боюнча аткарылган иштер жөнүндө отчеттор берилип, көйгөйлүү маселелер талкууланып, үстүбүздөгү жылга пландар бекитилди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова маанилүү долбоорлорду белгилеп, экинчи жарым жылдыкка милдеттерди койду.
“КР Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен министрлик жакырчылыкты жоюу жана иш менен камсыз кылууну кеңейтүү боюнча бир катар стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда. Жыл аягына чейин дагы 20 миң аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзүп, өз бизнесин ачып, киреше ала баштайт. Кошумча жумуш орундарын түзгөн кыйла кирешелүү долбоорлорду колдоо үчүн 200 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыялар бөлүнөт.
Президенттик саясаттын экинчи маанилүү багыты жаштарды иш менен камсыз кылуу. Буга жетишүү үчүн жумушсуз жаштарды ишке орноштуруу жана кесипке үйрөтүү боюнча иш менен камсыз кылуу кызматынын ишин активдештирүү маанилүү. Министрлик жаштардын алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүп, кесипкөйлүккө ээ болууга шарт түзгөн акы төлөнүүчү жаштар стажировкасынын долбоорун баштап жатат», – деди ал.
Жылдыз Полотова иш менен камсыз кылуу жана жумушсуз жарандарды, биринчи кезекте аялдарды жана жаштарды иш менен камсыз кылуунун активдүү чаралары менен камтуу боюнча ишти күчөтүү, көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын жана даректүүлүгүн жогорулатуу, коопсуз миграцияны камсыз кылуу милдетин койду.
Пайдалуу
Ссылкалар