Эмгек министри Жылдыз Полотова МСЭКтин директорлоруна  коррупция үчүн дароо иштен алууну эскертти

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова жалпы республикалык жыйында медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) кызматкерлерине майып балдарды жана чоңдорду тейлөөдө коррупция бар деген ишараттар үчүн иштен алуу болот экенин эскертти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жалпы республикалык кеңешменин жана жалпы республиканын МСЭК төрагаларын окутуунун алкагында министр күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо процедураларын жөнөкөйлөтүүнү тездетүүнү жана МСЭКке керектүү документтердин санын кыскартууну тапшырды.

“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан “Өкмөттүк акселераторлор” программасы ишке ашырыла баштады. Анын аркасында майыптыгы бар кыргызстандыктар ар кандай мамлекеттик мекемелерге барбай, бир гана жолу текшерүүдөн өтүшү керек.
Сиздердин милдетиңиздер саламаттыкты сактоо, билим берүү уюмдары, райондук социалдык камсыздоо жана иш менен камсыз кылуу түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары менен ишти күчөтүү. Кечеки күн менен иштөөнү токтотуп, эртеңки күн менен иштөөгө убакыт келди. Сиздер дарыгерлерсиздер, эртеңки күн менен иштешиңиздер керек, майыптыгы бар адам эртең кандай жашаарын көрүшүңүз керек, айрыкча балдар.
Коррупциянын кыйытмасы да катуу тыйылат, Сиздер, даарыгерлер интеллигенция өкүлдөрү катары, калктын аярлуу катмарынын тыйынын ойлогонго моралдык укугуңуздар жок, жумуштан бошотуу токтоосуз болот. Коррупциянын курмандыктын кыйытмасын да унутуу керек, коррупция тууралуу билдирүү болсо жумуштан бошотуу тууралуу буйрук дароо чыгат”, – деп билдирди Жылдыз Полотова.
МСЭКтин төрагаларын аскер кызматчыларынын эмгектик майыптык алуусу же эмгек майыптуулук жана медициналык-социалдык экспертизанын татаал маселелерин, жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждык маселелерин, социалдык камсыздоо, коррупциянын алдын алуу, иштердин номенклатурасы, этика боюнча жобо ж. б. маселелерин алып барууга окутушту.
Окутуунун алкагында чоңдордун жана балдардын майыптыгын күбөлөндүрүү тажрыйбасын жогорулатуу, эксперттик документтерди туура жүргүзүү, өз ара аракеттенүү каралган.

Пайдалуу
Ссылкалар