Жылдыз Полотова: Жыл башынан бери КР мигранттарына 40 млн сомго жакын айлык акы жана компенсация төлөп берүүгө жетиштик
Жыл башынан бери биздин министрлик Россиядагы кыргызстандык мигранттарга өндүрүштө алган жаракаттары жана кармалган эмгек акыларды жана компенсацияларды төлөп берүүгө жетишти. Бул тууралуу Эмгек министри министрликтин 2024-жылдын 1 –жарым жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Ведомствонун кызматкерлери Россияда миграцияда жүргөн Кыргызстандын 465 жаранына кармалган эмгек акысын 34,9 миллион рубль алууга жардам беришкен. “Россиядагы өкүлчүлүк үч жыл ичинде адистер 69 миллион рублга жакын Кыргызстандын 965 жаранына кармалган айлыгын алууга жардам беришти. Мындан тышкары, өндүрүштө жаракат алган 11 жаранга 4,8 миллион рубль өлчөмүндө компенсация алууга жардам берилди”, – деп билдирди эмгек министри.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Россия Федерациясындагы атайын өкүлчүлүгү Россияда оор турмуштук кырдаалга кабылган кыргызстандыктарга акысыз турак жай уюштуруп, аларга укуктук жардам көрсөтүлүүдө.
2024-07-29