Эмгек министринин орун басары адам сатууга каршы күрөштө консолидациянын маанилүүлүгүн белгиледи

 

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу “Адам сатууга каршы күрөшүүдө улуттук жана эл аралык өнөктөштүктү бекемдөө” эл аралык конференциясына катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын адам сатууга каршы күрөш боюнча негизги адистери катышты.

Конференция бүткүл дүйнөдө 30-июлда белгиленүүчү Адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулду.

Министрдин орун басары өз сөзүндө бул күндү белгилөөнүн дүйнө жүзү боюнча адам сатууга каршы күрөштүн символу катары маанисин, ошондой эле бул кылмышка каршы күрөшүүдө мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн баш кошуусунун маанилүү ролун белгиледи.

 

Пайдалуу
Ссылкалар