3 мамлекеттик орган жаңы төрөлгөн балдардын 100% мамлекеттик каттоо маселесин чечкен санариптик долбоорду ишке ашырды
Санариптик өнүгүү министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте бардык жаңы төрөлгөн балдарды 100% мамлекеттик каттоо маселесин чечкен санариптик долбоорду ишке ашырышты.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда жыл сайын жаңы төрөлгөн балдардын 7-10% (10 миңге жакын) биринчи жылында туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Бул балдардын мамлекет үчүн “көрүнбөгөн” болуп калышына жана төрөт боюнча жөлөкпул, медициналык кызматтар, бала бакчага кирүү, мектепке баруу сыяктуу кепилденген мамлекеттик кызматтарды албашына алып келди.
“Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын май айында кыска мөөнөттүн ичинде бир нече мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоо жүргүзүлдү. Бул бардык жаңы төрөлгөн балдарды каттоо процессин натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана алардын толук документтештирилишин камсыздоого мүмкүндүк берди.
Эми төрөт үйүнөн (Саламаттык сактоо министрлиги) маалымат дароо эле Санарипти өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине түшөт. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде баланын ата-энеси туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер (Эмгек министрлиги) үй-бүлөгө барып, жаңы төрөлгөн балага документ алуу керектигин эскертип турат.
Үч мамлекеттик органдын биргелешкен долбоору өз натыйжасын берди. 2024-жылдын 25-майдан 22-июлга чейин ата-энелери документтерин алуу үчүн кайрылбаган 876 баланын 398и туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан. Калган балдар боюнча социалдык кызматкерлер тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Социалдык кызматкерлер ата-энелердин Калкты тейлөө борборуна барбагандыгынын жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн албагандыгынын себептерин тактап долбоордун алкагында дароо чечилүүчү көйгөйлөр аныкталган:
* үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалда турушат (каттоого алынган);
* үй-бүлөдө башка дагы документсиз балдардын болушу (туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү берүү боюнча колдоо көрсөтүлөт);
* ата-энелердин өзүндө тиешелүү документтер – паспорт, нике күбөлүгү ж.б. жок (документтештирүү боюнча жардам көрсөтүлүүдө).
2024-08-01