Эмгек министри Таласта кой кайтарган баланын абалы тууралуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Таластагы кой кайтарып жүргөн экинчи класстын окуучусу тууралуу видео социалдык тармактарга жарыялагандан кийин эле, баланын абалын териштирүүнү тапшырды.
Ошол замат окуя болгон жерге Айтматов райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациянын жана башка кызыкдар мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте барып, баланын жана үй-бүлөнүн абалына баа беришти.
Башкармалыктын башчысы Элмира Райымбекованын айтымында, баланын үй-бүлөсү бакубат жашайт, жери жана малы бар.
“Апасы төрөтканада жаткан учурда баланы убактылуу тайэнеси менен үйдө калтырышкан. Өгөй атасы болсо үйүндө калган эки баланы жубайы ооруканада болгонго чейин карап калган. Бала мыкты окуйт, мектепти калтырбайт”, – деп түшүндүрдү ал.
Жылдыз Полотова резонанстуу кырдаалга байланыштуу баалоонун жыйынтыгы боюнча баланы коргоо боюнча жекече планды тез арада түзүүнү жана аны балдар иштери боюнча комиссиянын жакынкы жыйынында кароону тапшырды.
Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай пландар жыл башынан бери оор турмуштук кырдаалга кабылган 1,6 миңден ашуун балага иштелип чыккан.
2024-08-02