Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 ПЖ “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана анын иштеши жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Социалдык коргоо департаментинин кадрдык резервине кабыл алуу үчүн башкы, улук жана кенже топтогу кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.
Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
– сынактын катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык келүүсүн кароо;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү;
– аңгемелешүү.
Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
– финансы, экономика гуманитардык, социалдык, ошондой эле мамлекеттик башкаруу жана юриспруденция жаатындагы жогорку билим.
1) администрациялык кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
-жогорку билим;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
– жогорку билим;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
3) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
– жогорку билим;
– Иш стажына талап коюлбайт.
Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
- I) Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн:
Жалпы мыйзамды билүү
Негизги тесттен өтүү үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциялык “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Мыйзамы;
8) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
9) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик тесттен өтүү үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
2) “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”;
3) “Калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”;
4) “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө”;
5) “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө”;
6) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
1) 2021-жылдын 17-декабрындагы № 317 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти жөнүндө жобо”;
2) 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 “ Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө”;
3) 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 “ Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
4) 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 “Үй-бүлөлөргө жана балдарга, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге социалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү социалдык стандарттардын маселелери жөнүндө”;
5) 2018-жылдын 29-июнундагы №307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”;
6) 2023-жылдын 11-ноябрындагы №2 КР Финансы Министрлигинин буйругуна ылайык “Мамлекеттик башкаруу секторуна бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча”
7) 2011-жылдын 9-августундагы №457 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө”;
8) 2023-жылдын 23-майындагы №269 “ Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектетелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө”
Төмөнкүлөрдү билүү:
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдердин билүүсү;
– компьютердик сабаттуулукка жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү;
– файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
– тесттик, графикалык жана столдук редакторлор менен иштөө;
– маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана график түрүндө көрсөтүү.
Билгичтиги:
– жогору турган жетекчилердин буйруктарын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– командада иштөө;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо.
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.
- II) Мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн:
Жалпы мыйзамды билүү
Негизги тесттен өтүү үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик тесттен өтүү үчүн:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
1) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;
2) “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
3) 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 “ Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө”;
4)2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 “ Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө”;
5) 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 “ Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
6) 2023-жылдын 11-ноябрындагы №2 КР Финансы Министрлигинин буйругуна ылайык “Мамлекеттик башкаруу секторуна бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча”
7) 2011-жылдын 9-августундагы №457 “ Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө”;
8) 2023-жылдын 23-майындагы №269 “ Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектетелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө”
Төмөнкулөрдү билүү:
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдердин билүүсү;
– компьютердик сабаттуулукка жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү;
– файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
– тесттик, графикалык жана столдук редакторлор менен иштөө;
– маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана график түрүндө көрсөтүү.
Билгичтиги:
– маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
– маалымат алмашуунун жогорку ылдамдыгынын жана берилиштердин гетерогендүүлүгүнүн шарттарында маалымат базалары менен иштөө;
– статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматты иштеп чыгуу;
– эл алдында сүйлөө;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо.
Көндүмдөр:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
- башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
- компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.
III) Мамлекеттик кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн:
Жалпы мыйзамды билүү
Негизги тесттен өтүү үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик тесттен өтүү үчүн:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
1) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
2) “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
3) 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 “ Бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө”;
4) 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 556 “ Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
5)2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 “ Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө”;
6) 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 “ Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”.
Төмөнкүлөрдү билүү:
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүү;
– компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды билүү;
– файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
– тесттик, графикалык жана столдук редакторлор менен иштөө;
– маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө көрсөтүү.
Билгичтиги:
- жогору турган жетекчилердин буйруктарын сапаттуу аткаруу;
- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
- командада иштөө.
Көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
– жеке арыз;
– жеке эсепке алуу баракчасы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек);
– соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө справка.
Сынакка катышуу үчүн документтер папкага салынып толук версиясы менен 2024-жылдын 1-августунан тартып 2024-жылдын 13-августуна чейин Бишкек шаары, Московская көчөсү 194, № 206 кабинет дарегиндеги Социалдык коргоо департаменти саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыз:
(0312) 31-25-05; 0501 710 170
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.