Нарын облусунда эл менен жолугушуулар өтүүдө

Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев баштаган министрлердин орун басарлары Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүштү.
Аймактык жолугушууга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу катышууда.
Эскерте кетсек, Бийлик өкүлдөрүнүн Эл менен жолугушуусу 1-августтан 17-августка чейин өтөт.
Жергиликтүү калк өздөрүнүн көйгөйлүү суроолоруна жооп алышып, айтылбай калган суроолор кат түрүндө берилип, карала тургандыгы айтылды.
Пайдалуу
Ссылкалар