Ысык-Көл райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Ысык-Көл райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:
Жогорку билим; (социалогия, юриспруденция, педагогика, экономика, журналистика ж.о)
Көндүмдөрү:
– Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу
– Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү
Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Жобо
– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы
Иш стажы жана тажрыйбасы:
(С-Б) Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. (М-Б) Иш стажы талап кылынбайт;
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
– Жеке арызы
– Кадрларды эсепке алуу баракчасы
– резюме, өмүр баян
– Өздүк таржымал (Соттолбогондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)
– 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт
– Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)
– Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү
(көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшүкерек)
– Эгерде эмгек китепчеси болсо анын көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек
– кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү
– жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт
Талапкерлерден документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10( он) жумушчу күндүн ичинде Чолпон-Ата ш. Совет көч.№ 75А кабыл алынат кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыныздар (03943) 4-20-81 (факс), 0504260200, 0708638040