Эмгек министри Жылдыз Полотова: Майып адамдардын социалдашуусу актуалдуу бойдон калууда
Бүгүн, 13-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча Конвенциясы боюнча улуттук милдеттенмелерди жүзөгө ашырууга жооптуу мамлекеттик түзүмдөргө жана ушул процесстерге катышкан майыптыгы бар адамдардын уюмдарына багытталган иш-чарага катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
“Акыркы 5 жылдын ичинде мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеткиликтүүлүгүнө жана ыңгайлашуусуна болгон муктаждыктарын эске алуу менен аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча чоң аракеттер көрүлдү.
Бирок дагы эле актуалдуу маселелердин бири ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомго социалдык жактан кошуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу бойдон калууда. Тактап айтканда, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана системалар, айлана-чөйрө, товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, физикалык чөйрө жана транспорт тармагында жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
Бүгүнкү күндө республикада 215 миңден ашык майыптыгы бар адамдар бар, алардын ичинен 37 миңден ашууну майыптыгы бар балдар”, – деди ал.
Уюштуруучулардын айтымында, бул эки күндүк тренинг БУУнун майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясында кепилденген жеткиликтүүлүк укугун баса белгилейт жана катышуучуларды бул укукту иш жүзүндө, анын ичинде БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча комитети тарабынан, мезгилдүү кароонун алкагында мамлекеттин БУУнун Майыптардын укуктары боюнча комитети тарабынан ишке ашырууга даярдайт.
2024-08-13