Эмгек министри Жылдыз Полотовага Ысык-Көл облусунда бизнес үчүн кирешелүү багыттар көрсөтүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Ысык-Көл облусунун социалдык контракт алуучуларына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
“2022-жылдан баштап Ысык-Көл облусунун 1970 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү мамлекеттин колдоосу менен өз бизнесин ачышты. Мисалы, Ананьево айылында Назира Чойбекова жана Салтанат Мусаходжоева өздөрүнүн кафелерин ачып, түрдүү кондитердик азыктарды, кофе, балмуздак сатып, киреше табышат. Салима Молдогазиева дагы азык-түлүк түйүнүн ачты.
Тейлөө тармагындагы дагы бир кирешелүү багыт Гүлзат Абдурахманованыкы болду. Мамлекеттин жардамы менен үй – бүлө имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, 17 орунду тапшырышат”, – деди ал.
Жылдыз Полотова ошондой эле айылда фотостудия жана онлайн авиакассаны ачкан Бегимай Молдошеванын идеясын белгиледи.
Эскерте кетсек, министрлик социалдык контракттын негизинде ишкерлик менен алектенген үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүп турат. Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык контракт алуучулар долбоорду ишке ашыруу ишкерликти үйрөнүүгө жардам берерин жана иш бизнес-долбоорлорго ылайык жүрүп жаткандыгы тууралуу айтып беришет.
Социалдык контракт программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, аларды турмуштук оор кырдаалды жеңүү, эмгек потенциалын өнүктүрүү боюнча активдүү иш-аракеттерге стимулдаштырууга, ошондой эле ишкерлерди кошумча жумуш орундарын же өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү процессине тартууга багытталган.
Пайдалуу
Ссылкалар