№190 Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын натыйжалуу ишке ашыруу, жумуш ордунда куугунтуктоону алдын алат
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова №190 Конвенциясы боюнча Иш-чаралар планын талкуулоо жана ишке ашыруу боюнча координациялык жолугушууда билдирди.
Министрдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын февраль айында КР Президенти С.Н.Жапаров кол койгон №190 Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө Мыйзам эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү зомбулукту жана куугунтуктоону азайтууга багытталган.
“КМШда Кыргыз Республикасы 190 Конвенциясын ратификациялаган биринчи өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ратификациялоо жөнүндө чечим Эмгек министрлигинин, башка мамлекеттик органдардын, профсоюздардын жана жарандык сектордун талыкпаган эмгегинин натыйжасы болду. Акыркы үч жылдын ичинде маалыматтык кампаниялар, изилдөөлөр, үч тараптуу жолугушуулар жана талкуу аянтчалары уюштурулуп, өткөрүлдү.
Бул Конвенция бардык кызматкерлерди, анын ичинде жалданма кызматкерлерди, ошондой эле кесиптик даярдыктан өтүп жаткан адамдарды, анын ичинде стажерлорду жана шакирттерди, волонтерлорду ж.б. коргоого багытталган”, – деди Эмгек министри Жылдыз Полотова.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри мындан аркы ишинде коопсуздукту сактоого, жарандардын ар түрдүү категорияларынын укуктарын коргоого багытталган глобалдык маселелердин жана көйгөйлөрдүн кеңири спектри менен алектенген БУУ системасынын агенттиктеринин тажрыйбасы маанилүү экенин белгиледи.
БУУнун Туруктуу координаторунун жана БУУнун Өлкө тобунун атынан сөз сүйлөп, Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азиядагы Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын Аймактык өкүлү Матильда Богнер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан активдүү чараларды колдоду. Кыргыз Республикасы жана Бириккен Улуттардын Уюмунун аракеттер планын ишке ашырууну колдоо боюнча милдеттенмесин баса белгиледи.
2024-08-14