«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын 7 айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 7 айында 36290 телефондон кайрылуу (бир суткада 170, бир айда 5184 чалуу) түшкөн.
1204 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 293 же 24,3% жаш балдар, ал эми 911 же 75,7% чоң кишилер), анын ичинен 922 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 138 абонентке психологиялык консультация берилген, 144 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
1204 чалуунун ичинен: эркектерден – 230 (19,1%), аялдардан – 681 (56,6%), эркек балдардан – 81 (6,7%), кыздардан – 212 (17,6%).
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 366 (балдар 5);
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 190 (балдар 23);
– психологиялык жабырлануу менен – 127 (балдар 88);
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 111 (балдар 83);
– үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө – 90 (балдар 11);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 81 (балдар 31);
– билим берүү системасы жөнүндө – 66 (балдар 7);
– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 40 (балдар 6);
– башка маселелер боюнча – 37 (балдар 13);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 32 (балдар 5);
– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 30 (балдар 15);
– медициналык камсыздоо жөнүндө – 28 (балдар 3);
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 28 (балдар 0);
– суицид жөнүндө – 4 (балдар 1);
– мектептеги рэкет жөнүндө – 4 (балдар 2).
35086 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 312 (26,0%);
– Чүй облусунан – 205 (17,0%);
– Жалал – Абад облусунан – 100 (8,3%);
– Ош облусунан – 100 (8,3%);
– Ысык- Көл облусунан – 87 (7,2%);
– Баткен облусунан – 46 (3,8%);
– Ош шаарынан – 46 (3,8%);
– Нарын облусунан – 29 (2,4%);
– Талас облусунан – 25 (2,1%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 254 (21,1%).
Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт.
144 кабарланган билдирүүнүн ичинен 114 (79,2%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү, 25 (17,3%) – ички иштер органдарына, ӨКМ – 4 (2,8%), Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгына – 1 (0,7%) жөнөтүлгөн.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.
БҮИТ Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.
144 кабарланган билдирүүнүн ичинен:
– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу: 8 факты анык болгон (3 үй бүлө арыз менен РИИБна арыз менен кайрылган, 1 – мас абалдагы ата РИИБна жеткирилген, 4 бала үй бүлөдөн алынып, убактылуу борборго жайгаштырылган, 2 факты боюнча жаш өспүрүм балдар туугандаррына убактылуу камкордукка берилген, 1 үй бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн), 2 факты боюнча абонент РШЭСКМБнын кызматкерлеринин келүүсүнөн баш тарткан), 11 факты факты аныкталган эмес, 16 каралууда;
– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу: 4 факты боюнча аялдар РШИИБна арыз жазган, аларга коргоо ордерлери берилген, 1 факт боюнча аял күйөөсү жаңжалдашканбыз деген жүйө менен РИИБна арыз жазгандан баш тарткан, 1 факт боюнча атасы жана балдары көзөмөлгө алынган, 1 мас абалдагы ата эркек РИИБна жеткирилген, 1 факт боюнча жашы жетелек кызды апасы доктурга алып барган, 2 факты аныкталган эмес, үй бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 3 каралууда;
– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу: 1 факты боюнча балдар биологиялык атасына берилген, 1 факты боюнча чоң эне небересин кароого милдеттеме менен алып кеткен, 1 жашы жетелек кыз тайжесине убактылуу камкордукка берилген, 1 факт боюнча жашы жетелек кыз убактылуу борборго жайгаштырылган, 3 факты аныкталган эмес, 5 каралууда;
– суицид жөнүндө: 2 факт аныкталган эмес, себеби абоненттер мас абалда болгондуктан, РИИБна жеткирилген, 1 жаран Эрте кийлигишүү борборуна жардам берүү үчүн жөнөтүлгөн;
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө: РЭСКМБнын кызматкерлери 46 үй бүлөгө жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө, төлөө, ошондой эле оор турмушка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык кызматтар жөнүндө консультациялар жана сунуштар берилген, кээ бир үй-бүлөлөр көзөмөлгө жана коштоого алынган, 1 абонент кайрылуусун кабарлагандан баш тарткан, 19 каралууда.
РШИИБнын кызматкерлери 21 үй бүлөгө жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүгөн (1 өспүрүм бала убактылуу борборго жайгаштырылган).
– жардам берүү тууралуу: 1 абонент убактылуу борборго жайгаштыруудан баш тарткан, 1 факты боюнча абонентке милиция чакырылып берилген, бирок барганда ал даректе жок экендиги аныкталган, чалууларга жооп берген эмес, 1 факты боюнча ӨКМ куткаруу кызматы лиифтте калган балдарды куткарган, 1 кайрылуу боюнча РИИБнын кызматкерлери барган учурда, жаш өспүрүмдөр айтылган жерде болгон эмес;
– үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө: 1 факты боюнча РЭСКМБнын кызматкери жашы жетелек балдардын апасы менен байланыша алган эмес, ал өзү да байланышка чыккан жок, 1 факты боюнча РИИБнын кызматкерлери үй бүлөгө жашаган жерине барып, мас абалдагы ата менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 1 каралууда;
– билим берүү системасы боюнча: 1 факт боюнча мектептин директору мугалим жана ата – эне менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн;
– башка маселе боюнча: 1 кайрылуу боюнча жашы жетелек боюнда бар кыз төрөгөнгө чейин Октябрь РСӨБынын көзөмөлүндө жана контролдо болот;
– мектептеги рэкет тууралуу: 1 буллинг фактысы аныкталган, жашы жетелек бала башка класска которулган, 2 факт боюнча РИИБ ЖӨИИ тарабынан окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
2024 – жылдын 7 айында (1024 чалуу) түшкөн чалуулардын саны 2023 – жылдын 7 айынын (1259 чалуу) деңгээлинде калган.