Эмгек министринин орун басары Кыял Жанузакова аялдардын лидерлигин бекемдөө боюнча милдеттер тууралуу айтып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова “Кыргызстанда аялдардын саясий катышуусун жана лидерлигин кантип күчөтүү керек?” темасында тегерек столуна катышты.
 Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, аялдар кеңешинин жетекчилери, жарандык активисттер жана эксперттер чогулуп, Кыргыз Республикасынын аялдардын өкүлчүлүгүнө карата мыйзамдарын өркүндөтүү маселесин чечим кабыл алуу деңгээлинде талкуулашты.
“Биздин өлкөдө аялдар экономикада, саясатта жана коомдо активдүү роль ойнойт. Көптөгөн аял саясатчылар, ишкерлер. Ар бир аялдын өз потенциалын ишке ашырууга жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууга мүмкүнчүлүгү болушу маанилүү.
Ошону менен бирге, көптөгөн аялдар кыйынчылыктарга туш болушат. Алардын айрымдарынын билим алуу мүмкүнчүлүгү жок, бул алардын жакшы жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Ошондой эле аялдар кысымга жана зомбулукка дуушар болушат”, – деди өз сөзүндө министрдин орун басары Кыял Жанузакова.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын алдында аялдардын лидерлигине активдүү көмөк көрсөтүү, аялдардын чечимдерди кабыл алууга кеңири катышуусуна жана мамлекеттик башкарууда жетекчилик кызматтардагы өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүчү механизмдерди киргизүү милдети турат.
Пайдалуу
Ссылкалар