Эмгек министрлиги: 16 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлдү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жумуш орундарын түзүү боюнча Министрлер Кабинетинин буйругун ишке ашыруу тууралуу маалымат берди.
Жылдын аягына чейин Министрлик 38 миңден ашык жумуш орундарын түзүү боюнча жоопкерчиликти өзүнө алган.
Бүгүнкү күндө “социалдык контракт” программасын ишке ашыруунун алкагында 9,8 миң, акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын алкагында – 5,8 миң, жеке ассистенттин кызматын көрсөтүүдө – 446 жумушчу орун түзүлгөн.
Калган жумуш орундары жыл аягына чейин 23 миң жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык контракт түзүү жана мамлекеттен каржылоо алган үй-бүлөлөр менен кошумча жумуш орундарын ачуу, ошондой эле акы төлөнүүчү коомдук иштердин, жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнүн алкагында түзүлөт.