Эмгек министри мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн футбол аянтчасынын ачылышына катышты

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн жаңы футбол аянтчасынын ачылышына катышты.

Маалыматка ылайык, иш-чара көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн XI -эл аралык турнирдин алкагында өткөрүлдү.

Министр Жылдыз Полотова белгилегендей, “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” 1937-жылы түзүлгөн.

“Бүгүнкү күндө бул уюм дээрлик 8 миңге жакын майыптыгы бар адамдарды бириктирет. Анда 700гө жакын көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы адамдар эмгектенет”,-деди ал.

Эмгек министрлигинин башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыз кылуунун жаңы механизмдерин киргизүү, аларды коомго киргизүү, маданий жашоо, эс алуу жана спортко катышуу үчүн шарттарды түзүү зарыл.

Пайдалуу
Ссылкалар