Түркиядагы өрттү өчүрүүдө жабыркаган тик учактардын учкучтарынын үй-бүлөлөрүнө 10,1 млн сом төлөндү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы Ми-8МТВ-1 тик учагынын кыйрашы боюнча иликтөөнү аяктады.
Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Измирге жакын Мендерес районунда “Транс Караван Кейджи” ЖЧКсынын кыргызстандык жумушчулары өрттү өчүрүүгө катышып, кырсыкка кабылган. Кыргызстандын үч жаранынын экөө каза болду.
Өндүрүштөгү кырсыкка байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча каза болгон эки адамдын үй-бүлөсүнө ар бирине 5 102 246 сомдон бир жолку жөлөкпул түрүндө компенсация төлөнүп берилди.
Келтирилген зыяндын ордун толтуруунун жалпы суммасы 10 млн сомдон ашты
Возможно, это изображение 1 человек, вертолет и текст
Пайдалуу
Ссылкалар