Аламүдүн районунда социалдык кызматтар боюнча “Бирдиктүү терезе” ачылды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт соцтармактарга тез жетүүнү камсыз кылган “Бирдиктүү терезенин” ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
“Бирдиктүү терезе ” Аламүдүн райондук Эмгек , социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында ачылды.
Министрдин орун басарынын айтымында, “Бирдиктүү терезе” жарандарга керектүү маалыматты жана эмгек жана социалдык камсыздоо жаатындагы мамлекеттик кызматтарды ыкчам бир жерден алууга мүмкүндүк берет.
“Бирдиктүү терезе” коомдук кабылдама, жеке ассистенттер жана балдарды коргоо кызматтары боюнча бөлүнгөн”, – деди ал.
2024-08-23