Эмгек министрлиги: Жети айда жеке ассистенттерге 763 млн сом төлөндү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын жети айында жеке ассистенттерге 763 162,1 миң сом төлөнгөн.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 93 миллионго көп.
Министрлик 1-августка карата республика боюнча 14 513 жеке ассистент бар экенин билдирет (өткөн жылы 13 468 болгон).
2024-жылдын 1-июлунан тартып жеке ассистенттердин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн айына 7681 сом өлчөмүндө төлөм белгиленген. Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта жеке ассистенттер патент алуудан бошотулуп, бирок камсыздандыруу полистерин алуу зарылчылыгы калды.
Суроолор боюнча байланыш номер: 0312 31 27 42
Возможно, это изображение 1 человек и больница
Пайдалуу
Ссылкалар