Эмгек министри ЭЭУнун миссиясы жана жумуш берүүчүлөрдүн эл аралык уюму менен жолугушту
Бүгүн, 28-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Эл аралык эмгек уюму жана Эл аралык жумуш берүүчүлөрдүн уюму менен жолугушту.
Миссиянын курамына Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн жооптуу, иш берүүчүлөрдүн иши боюнча ЭЭУ бюросунун кызматкери Кристиан Хесс, Түркиянын иш берүүчүлөр өкүлү жана консультанты Улаш Йылдыз, ЭЭУ Москва шаарындагы бюросунун иш берүүчүлөр менен иштөө боюнча башкы адиси Владимир Чурович жана ЭЭУнун КРдагы улуттук координатору кирди Болотбек Ороков.
Тараптар эл аралык эмгек стандарттары, жумушчулардын укуктарын бекемдөө жана иш берүүчүлөрдүн биригүү эркиндигин камсыздоо маселелерин талкуулашты.
Жылдыз Полотова белгилегендей, Эл аралык эмгек уюму менен кызматташуу татыктуу эмгек шарттарын өнүктүрүүгө, социалдык коргоого жана эмгекчилердин укуктарын чыңдоого өбөлгө түзүүчү маанилүү стратегиялык багыт болуп саналат.
“Көп жылдар бою ЭЭУ Кыргыз Республикасына эмгек жаатындагы реформаларды ишке ашырууда чоң колдоо көрсөтүп келет, бул бизге бүгүнкү экономиканын чакырыктарына натыйжалуу жооп кайтарууга жардам берет.
Эмгек шарттарын туруктуу жакшыртуу иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы эмгекти коргоодогу социалдык өнөктөштүккө негизделиши керек, бул эмгекти коргоону башкаруунун комплекстүү жана туруктуу системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат”, – деди министр жана биздин өлкө эмгек чөйрөсүндөгү жана эмгек мамилелериндеги, анын ичинде иш берүүчүлөр менен иштөөдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө комплекстүү жана тең салмактуу мамиле кылуу принциптерин толугу менен бөлүшөрүн белгиледи.