Эмгек министри Жылдыз Полотова: Улуу тарыхыбыз эгемен элибизди жаратты
Эгемендүүлүк күнүн утурлай эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери ведомствонун башчысы Жылдыз Полотова менен бирге Улуттук тарых музейине барышты. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулду.
“Өз элинин тарыхын билүү менен гана эгемендүүлүктүн өзгөчө жана кымбат баалуулугун түшүнүүгө болот. Биздин улуу тарыхыбыз биздин көзкарандысыз элибизди жаратты. Биз ата-бабаларыбыздын тарыхын, өлкөнүн тарыхын билүүгө милдеттүүбүз. Өткөнүн билбеген элдин келечеги болбойт. Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул жылдар аралыгында биздин ата-бабаларыбыз өлкөнүн экономикасына жана калкты социалдык коргоо системасына баа жеткис салым кошушкан. Биз алардын кайратман эмгегин эстеп, улантышыбыз керек”, – деди министр.
2024-08-28