Эмгек министри Жылдыз Полотова Эгемендүүлүк күнүнө карата ведомстволук сыйлыктарды тапшырды

 

Бүгүн, 29-августта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Батыш Салиева атындагы сыйлык менен Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча директору Кудайберген Базарбаев жана экс-министр Гүлнара Баатырова сыйланышты.

Жылдыз Полотова түшүндүргөндөй, жалпы 25 жылдан бери эки жолу Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп турган Батыш Салиеванын урматына арналган медаль.

“Чындыгында ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө, бүгүнкү күндө биз ээ болгон социалдык коргоо системасын түзүүгө баа жеткис салым кошкон, ошондуктан анын урматына берилген медаль Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жогорку ведомстволук сыйлыгы болуп саналат.

Бул социалдык камсыздоо тармагындагы биринчи жана жалгыз медаль. Ал эми бүгүнкү күндө ал социалдык камсыздоонун жаңы системасын өнүктүрүүгө зор салым кошкон адамдарга ыйгарылат, мында мамлекет жардамга муктаж болгондорго жөлөк пул аркылуу гана колдоо көрсөтпөстөн, социалдык контракт түзүү менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бизнес ачууга бөлүнгөн каражаттын аркасында 2022-жылдан бери 22 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө муктаждыктан чыкты.

Бул социалдык камсыздоо тармагындагы биринчи жана жалгыз медаль. Ал эми бүгүнкү күндө ал социалдык камсыздоонун жаңы системасын өнүктүрүүгө зор салым кошкон адамдарга ыйгарылат, мында мамлекет жардамга муктаж болгондорго жөлөк пул аркылуу гана колдоо көрсөтпөстөн, социалдык контракт түзүү менен жаңы перспективаларды ачат. Ишкерлик ачууга бөлүнгөн каражаттын аркасында 22 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр муктаж абалдан чыгышкан.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун ишкерликти өнүктүрүү демилгеси жаңы, прогрессивдүү “Жаңы кадам” кыймылынына айланды,” – деди министр.

Ошондой эле министрлик ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн “Социалдык коргоонун отличниги” төш белгиси жана Кыргыз Республикасынын аймагында социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөк көрсөткөн кызматкерлер менен өнөктөштөрдү Ардак Грамоталар менен сыйлады.

Пайдалуу
Ссылкалар