Мухтарбек Баймурзаев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

2024-жылдын 2-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратына министрдин биринчи орун басары Баймурзаев Мухтарбек Арапбаевич тааныштырылды.
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Баймурзаев Мухтарбек Арапбаевич эмгек жолун 2005-жылдан баштаган.
2001-жылдын майынан 2001-жылдын сентябрына чейин. компьютердик клубдун администратору;
2002-жылдын декабрынан 2003-жылдын мартына чейин орус гезитинде жарнама боюнча менеджер;
2005-жылдын март айынан баштап Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин уюштуруучулук камсыздоо жана маалыматтык системалар бөлүмүндө стажер;
2005-жылдын августунан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Маалыматтык системалар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2006-жылдын сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармалыгынын социалдык коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2008-жылдын январынан тартып Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармалыгынын социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси;
2008-жылдын декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
2009-жылдын августунан 2012-жылдын июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы;
2012-жылдын июнунан 2015-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы;
2015-жылдын март айынан 2017-жылдын февраль айы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы;
2017-жылдын мартынан 2018-жылдын июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы;
2018-жылдын август айынан сентябрь айына чейин “БИОМ” долбоорунун эксперти;
2018-жылдын августунан ноябрына чейин ЮНИСЕФтин эксперти;
2018-жылдын октябрынан ноябрына чейин “Роза Отунбаеванын демилгелери”ЭКФнын консультанты;
2018-жылдын декабры-2019-жылдын январы ЮНИСЕФтин эксперти;
Июнь 2019-жыл-август 2019-жыл ЕККУ эксперти;
2019-жылдын сентябрынан азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда тренери;
2019-жылдын ноябрынан 2020-жылдын апрелине чейин Роза Отунбаеванын демилгелери ЭКФнын эксперти;
2020-жылдын июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин финансылык саясат башкармалыгынын башчысы;
2012-жылдын июнунан 2015-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы;
2015-жылдын март айынан 2017-жылдын февраль айы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы;
2017-жылдын мартынан 2018-жылдын июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы;
2021-жылдын октябрынан 2024-жылдын май айына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башчысы;
2024-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти
Пайдалуу
Ссылкалар