«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын август айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын август айында 3159 телефондон кайрылуу (бир суткада 101 чалуу) түшкөн.
122 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 40 же 32,8 % жаш балдар, ал эми 82 же 67,2% чоң кишилер), анын ичинен 75 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 27 абонентке психологиялык консультация берилген, 20 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
122 чалуунун ичинен: эркектерден – 16 (13,1%), аялдардан – 66 (54,1%), эркек балдардан – 9 (7,4%), кыздардан – 31 (25,4%).
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– психологиялык жабырлануу менен – 27 (балдар 20);
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 24 (балдар 1);
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 17 (балдар 3);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 12 (балдар 5);
– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 10 (балдар 3);
– билим берүү системасы жөнүндө – 8 (балдар 1);
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 7 (балдар 6);
– үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө – 4 (балдар 1);
– мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 4 (балдар 0);
– башка маселелер боюнча – 3 (балдар 0);
– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 3 (балдар 0);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө- 2 (балдар 0);
– медициналык камсыздоо жөнүндө – 1 (балдар).
3037 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 37 (30,3%);
– Ысык- Көл облусунан – 10 (8,2%);
– Ош облусунан – 8 (6,5%);
– Чүй облусунан – 8 (6,5%);
– Жалал – Абад облусунан – 7 (5,7%);
– Баткен облусунан – 4 (3,2%);
– Ош шаарынан – 3 (2,5%);
– Нарын облусунан – 3 (2,5%);
– Талас облусунан – 1 (1,0%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 41 (33,6%).