Эмгек министри менен ЭМУ ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктарын талкуулашты

Бүгүн, 4-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова ЭМУнун Борбор Азиядагы миссиясынын башчысы Зейнал Гаджиев жана ЭМУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бермет Молдобаева менен жолугушту.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, министр Зейнал Гажиевге Эл аралык миграция уюмунун Борбордук Азиядагы миссиясынын башчысы кызматындагы ыйгарым укуктарынын аякташына байланыштуу миграция маселелерин чечүүдө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди.
“Борбордук Азиядагы ЭМУ миссиясынын ийгиликтүү аякташы миграциялык чакырыктарды чечүү үчүн эл аралык уюмдар менен мындан аркы кызматташуунун жана өнөктөштүктү тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт. Учурда Министрлик менен ЭМУ жаңы чөйрөдө – климаттык миграцияда иштей башташты, биз өз ара көз карандылык жана миграция тенденцияларынын таасири, экологиянын абалы жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктери маселелерин комплекстүү чечүүдө инновациялык ыкмаларды киргизүүгө ниеттенүүдөбүз”, – деди ал.
Зейнал Гаджиев белгилегендей, анын Борбордук Азиядагы миссиясынын аякташы уюмдар менен аймактардын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоодо, ошондой эле мигранттар үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда маанилүү этап болуп калды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын коопсуз, тартиптүү жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимге кошулуусу маселелерин талкуулашты.
Талкууда мигранттардын укуктарын коргоо жана адам сатууга каршы күрөшүү, мигранттардын мекенине кайтып келүүсүнө жардам берүү жана башкаа тармактарда биргелешип иштөөнү улантуу пландары да талкууланды.
Пайдалуу
Ссылкалар