Кыргызстан коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө Глобалдык келишимге кошулду

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 27-августундагы № 229 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө Глобалдык келишимге кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берүү жөнүндө” Жарлыгына  кол коюлду.

Бул маанилүү кадам Кыргыз Республикасынын эл аралык стандарттарга жана принциптерге берилгендигин күбөлөндүрөт. Аталган келишим миграцияны башкарууну жакшыртууга, мигранттардын укуктарын камсыз кылууга жана бул жаатта эл аралык кызматташууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасы адам укуктарын урматтоого жана гумандуулук принциптерине негизделген глобалдык миграциялык системага интеграцияланууга умтулат. Глобалдык келишимге кошулуу өлкөнүн эл аралык стандарттарга берилгендигин баса белгилейт жана улуттук миграциялык саясатты жакшыртууга карай маанилүү кадам болуп калат.

Келишимдин сунуштамасы жана жетектөөчү принциптери көп жагынан Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки миграциялык саясат концепциясында туруктуу өнүктүрүү (БУУ ТӨМ) максаттарында баяндалган артыкчылыктарга дал келет, анда программалар адам капиталын чыңдоого жана жарандардын, анын ичинде миграциянын катышуучуларынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Ошондой эле Глобалдык келишимдин компоненттерин имплементациялоо мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбай тургандыгын белгилей кетүү зарыл.

Возможно, это изображение 5 человек и текст
Пайдалуу
Ссылкалар