Эмгек министри Жылдыз Полотова Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйынына катышты
Бүгүн, 6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйыны өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Винера Раимбачаева, Камила Талиева, Сеидбек Атамбаев, «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери Динара Ашимова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө гендердик баалоону жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча отчеттун сунуштамаларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча иш-аракеттер планынын долбоору тааныштырылып, сунуш-пикирлерди эске алуу менен бекитилди. Муну менен катар Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогунун алкагындагы форумдун ишине кеңештин мүчөлөрүнүн ролу жана катышуусу талкууланды.
2024-09-06