Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жөө жүрүшү старт алды

Бүгүн, 10-сентябрда, Бишкек шаарында “Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн!” деген ураандын алдында Жөө жүрүшү старт алды, анда майыптуулугу бар жарандар катышты.
Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаарында “Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн!” деген ураандын алдында жөө жүрүш башталып, ага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышууда.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова маалымдагандай, өлкөдө 216 миңге жакын майыптуулугу бар кыргызстандыктар жашайт, алардын 37 миңи балдар.
“Бүгүнкү күндө жарандардын бул категориясына максималдуу көңүл бурулууда. Министрлик калктын аярлуу катмарын социалдык жөлөкпулдар менен гана камсыз кылбастан, алардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.
БУУнун майыптар жөнүндө Конвенциясынын ратификациясы менен Кыргызстан майыптыгы бар адамдарга башка жарандар менен бирдей спорттук иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттенди.
Баарына үлгү катары биздин паралимпиадачылар болду. Спортчулар майыптуулугуна карабастан өлкөнүн намысын коргошту. Мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигине карабастан, биздин жүрүштүн катышуучулары да жалпы коомчулукка үлгү көрсөтүп жатасыздар”, – деди министрдин орун басары.
Бул жүрүштүн максаты майыптыгы бар адамдарга карата стереотиптерди жана стигмаларды азайтуу, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү, коргоо жана Кыргызстанда инклюзияны илгерилетүү болуп саналат.
Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Министрлер Кабинетине караштуу майыптар иштери боюнча улуттук кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков ж.б катышты.
Жөө жүрүштүн уюштуруучулары “Равенство” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук бирикмеси, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, КР Ички иштер министрлиги, Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) КБ, Кыргызстандагы “Тилектештик” борбору. “Солидарити” майыптыгы бар адамдардын бирикмеси, Борбордук Азия үчүн Адам укуктары боюнча Жогорку комиссардын башкармалыгынын (АУЖКБ) регионалдык бөлүмүнүн колдоосу менен.
Пайдалуу
Ссылкалар