Эмгек министрлиги: 11 жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине 11 өлкөдө ишке орноштурууга тыюу салынды. Тизме

 

Миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана “Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө” жобонун ченемдеринин негизинде, иш менен камсыз кылуунун жеке агенттиктеринин ишин контролдоону күчөтүү максатында 11 жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктерине жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу менен байланышкан иш жүргүзүү укугуна уруксат берүүдөн баш тартылган же жокко чыгарылды. Аталган агенттиктердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун расмий сайтында www.migrant.kg. жарыяланды Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу агенттиктерин тандоодо сак болууга жана текшерилген агенттиктерге гана кайрылууга чакырат, алардын тизмеси жогорудагы сайтта жеткиликтүү.

Чет өлкөдө жумушка орношууда кыйынчылыктарга туш болгон жарандар Борбордун ишеним телефонуна +996 559 189 900 (WhatsApp) чалып, юридикалык жана консультациялык жардам ала алышат.

Уруксат берүүдөн баш тарткан же жокко чыгарылган иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктердин  тизмеси:

Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин аталышы Жумушка орноштурган өлкө Чечим
1 ЖЧК «Вайс Групп» Литва Республикасы Уруксат жокко чыгарылды
2 ЖЧК  «Селф виза» Финляндия Республикасы Уруксат жокко чыгарылды
3 ЖЧК «Работа есть» Россия Федерациясы Уруксат берүүдөн баш тартты
4 ЖИ «Койгельдиева Ж.Э.» Польша Республикасы Уруксат берүүдөн баш тартты
5 ЖЧК «Европейская Сезонная Работа «Айя-София»  Польша Республикасы Уруксат берүүдөн баш тартты
Финляндия Республикасы Уруксат берүүдөн баш тартты
Венгрия Уруксат берүүдөн баш тартты
6 ЖЧК «Fly Go» Чехия Республикасы Уруксат берүүдөн баш тартты
7 ЖЧК «Гоу Ту Германи» Германия Федеративдүү Республикасы Уруксат берүүдөн баш тартты
8 ЖЧК «ИНТЭРНЭШНЛ ЛИГАЛ БРИДЖ» Польша Республикасы Уруксат берүүдөн баш тартты
9 ЖЧК «Глобал Стади Сервис» Россия Федерациясы Уруксат жокко чыгарылды
Түркия Республикасы Уруксат жокко чыгарылды
10 ЖЧК “Лаки Джоб ” Болгария Республикасы Уруксат жокко чыгарылды
11 ЖЧК «Адимаворк» БАЭ Уруксат жокко чыгарылды
Катар Уруксат жокко чыгарылды

* Уруксат ар бир багыт алган өлкө үчүн өзүнчө берилет.

Пайдалуу
Ссылкалар