Эмгек министри жаш балдары бар аялдарды ишке орноштуруу чараларын сунуштады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова “Снэк Фудс” ишканасында жаштардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Талкуу Эмгек министрлигинин башчысынын Борбор Азиядагы алгачкы кыска мөөнөттө сакталуучу нан азыктарын чыгаруучу “Снэк Фудс” ишканасына (Toyboss сэндвичтери) болгон иш сапарынын алкагында болду.
Директор Бакай Орумбаев Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгынын алкагында «Снэк Фудс» («Тойбосс сэндвичтери») заводун ишке киргизүү өлкөнүн жана бардык аймактардын тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болгонун маалымдады. Бул учурда, ишкана дээрлик 300гө жакын жумуш орундарын түздү. Ишканадагы кызматкерлердин орточо айлык акысы 50 миң сомду түзөт.
Ишканага болгон иш сапарынын алкагында Жылдыз Полотова ошондой эле жумушчулар үчүн жагымдуу жумуш орундары түзүлүп, эки маал акысыз тамак берилип жаткан кызматкерлердин эмгек шарттары менен таанышты.
«Эне жана бала бөлмөсүн түзсө, балалуу жаш келиндер да сиздердин ишканаңызга жумушка орношмок. Аялдар акча таап, балдары бала кароочунун көзөмөлүндө болмок.
Бул бир жагынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болсо, экинчи жагынан ишкананы кадрлар менен камсыз кылып, жумуш орундарын толук толтурмак.
Анткени, бала багуу менен үйдө отурган жаш аялдар аз эмес. Иш берүүчүлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу маселелерин параллелдүү илгерилетүү да маанилүү”, – деди министр.
Тараптар министрлик аркылуу кийин ишканага ишке орноштуруу менен кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бүгүнкү күндө ишканада 20 бош жумуш орун бар.
2024-09-13