Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Кытайдын Хайнань аралына кирүүнү жеңилдетүү маселесин талкуулады

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт АСЕАН+3 эл аралык жогорку деңгээлдеги форумуна катышуунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министринин орун басары менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Иш-чара ушул жылдын 8-12-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Сучжоу шаарында өттү. Жолугушууда тараптар эки ведомствонун ортосунда чет элдик жумушчу күчүн жөнгө салуу, качкындар, диаспоралар, этникалык кайтып келгендер менен иштөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кытайдын Хайнань аралына кирүүсүн жеңилдетүү жаатында кызматташууну жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун сунушталган маселелерин ишке ашыруу максатында кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүүнү сунуштады.

Пайдалуу
Ссылкалар