Эмгек  министри эмгек жамааты менен ишембиликке чыкты

 

 Бүгүн, 2024-жылдын 14-сентябрында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова башында турган министрликтин эмгек жамааты менен Жалпы тазалык күнүнө карата ишембиликке чыкты.

Массалык ишембилик жалпы өлкө боюнча өткөрүлүп, Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери бөлүнүп берилген Пригород айыл аймагындагы Юбилейный көчөсүнөн БЧК га чейинки участоктогу таштандыларды тазалап, санитардык абалды жакшыртуу, тазалоо жана көрктөндүрүү максатында ишембиликке жигердүү катышышты.

Министрликтин жетекчилиги экологияны коргоо маселесине жогорку деңгээлде көңүл буруу керектигин жана шаар таза, кооз болушу үчүн бардык жарандар тазалыкты сактоого умтулушу керектигин белгиледи.

Пайдалуу
Ссылкалар