Ысык-Көл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кадрдык резервге сынак жарыялайт
Социалдык кызмат көрсөтүү секторуна адис (М-Б)
Көндүмдөрү:
Кесиптик компетенттүүлүгү, төмөнкүлөрдү билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзамдары жөнүндө,
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси,
4) Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө,
5) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө 2021-ж. 27-октябры № 125 Мыйзамы,
6) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө,
7) Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө,
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө,
9) Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө,
10) КР иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 3.03.2020 ж. № 120,
11) Компьютердик сабаттуулугу жана керектүү программалык продуктыларды (Word, Excel, «ТОКТОМ мамлекет Про» маалымат-укуктук тутумун, «Инфодокс» документ жүргүзүү электрондук тутумун) билүү.
Предметтик мыйзамдарды билүү боюнча:
– Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө,
– Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө,
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө
– Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” 2021-жылдын 15-ноябры № 252 токтому
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
– Жеке арызы, резюме, өмүр баян
– Кадрларды эсепке алуу баракчасы
– Өздүк таржымал (Соттолбогондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)
– 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт
– Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)
– Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү
(көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек)
– Эгерде эмгек китепчеси болсо анын көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек
– кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү
– жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт
Талапкерлерден документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Чолпон-Ата ш. Совет көч.№ 75А кабыл алынат кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыныздар (03943) 4-20-81 (факс), (03943) 4-30-30