Эмгек министрлигинин командасы аялдар арасында футбол боюнча мелдешке катышты

Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багында аялдар арасында футбол боюнча биринчи турнир болуп өттү.
Мелдешке Министрдин орун басары Кыял Жанузакова жетектеген эмгек министрлигинин командасы катышты.
“БУУ-Аялдар”, ЮНФПА жана башка өнөктөштөрдүн техникалык колдоосу менен аялдар футбол Федерациясы тарабынан уюштурулган турнирге Маданият министрлигинин командалары, эл аралык уюмдардын жана элчиликтердин кызматкерлери, блогерлер жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.Кыял Жанузакованын айтымында, турнирге катышуу гендердик теңчиликти илгерилетүү жана спорттогу аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн маанилүү кадам болуп калды.
“Бул ошондой эле аялдардын лидерлигинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, аялдар салттуу тармактарда гана эмес, спортто да активдүү жана көрүнүктүү позицияларды ээлей аларын көрсөттү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги гендердик саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары кыздарды футбол менен машыгууга шыктандырып, спорт эркектерге гана арналган деген стереотипти бузууга үмүттөнгөн. Бул иш-чара аялдар футболун өнүктүрүүдөгү жаңы жетишкендиктердин башталышы болуп, аялдар менен кыздарды спорт менен машыгууга шыктандырат деп ишенебиз.”,- деп баса белгиледи ал.
Турнирдин жыйынтыгында “Темир айым” номинациясы боюнча Грамота жана кубок министрликтин Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоевага тапшырылды.
Пайдалуу
Ссылкалар