Социалдык контракттын алгачкы ийгиликтүү катышуучулары пайызсыз насыя алышты
Президентибиздин демилгесине жана Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык социалдык контракттын ийгиликтүү катышуучуларына пайызсыз кредит берилүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Кредит берүү “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору аркылуу ишке ашууда.
Алгачкылардан болуп Алай районунун тургуну Биримкулова Жаңылай 2023-жылы аарычылык багытына 100 000 сом социалдык контракт алып, жеке ишкердик ачкан, мындан ары аарычылык багытты өнүктүрүү максатында 200 000 сом пайызсыз кредит алды. Буга чейин 10 бал челек алып, тапкан кирешесинин эсебинен кошумча 9 бал челек сатып алган. Пайызсыз кредиттин алкагында бул багыттын кирешелүүлүгүн эске алып, дагы кошумча 20 бал челек аарылары менен сатып алып, ишин улантууда.
Чаткал районунун Шекафтар айылынын тургуну Камчыбеков Максат 2023-жылдын апрель айында пескоблок жасап чыгаруу үчүн бизнес-план түзүп, 100 000 сом социалдык контракт алган. Пескоблок чыгаруучу станокторун алып иштетип, ушул убакытка чейин күнүнө 2 000 сомдон киреше таап келген. Кошумча 3 жумуш ордун түзгөн. Пескоблок чыгаруучу аппаратына кошумча материалдарды алып, мындан да көбүрөөк киреше табууну пландап, 200 000 сом пайызсыз кредит алды.
Кочкор районунун тургуну Мунарбек кызы Гүлбарчын 5 баланын энеси, 2022-жылы социалдык контракт алып, ашкана ачкан. Азыркы учурда 6 жумушсуз жаранды иш менен камсыз кылып жатат. Айына 30 000-35 000 сомго чейин киреше табууда. Тамак-аштарга буйрутма алып, велосипед менен жеткирүү кызматын да көрсөтүп келген. Гүлбарчын айым пайызсыз кредит алып, буйрутмалардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу тамак-аштарды жеткирип иштөө максатында 200 000 сомдун үстүнө тапкан кирешесинен кошуп, унаа сатып алууну пландоодо.
2024-09-24