Бишкекте Министрлер Кабинетине караштуу майыптар Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын алкагындагы милдеттенмелерди ишке ашыруу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу майыптардын иштери боюнча Кеңештин кезектеги жыйынында маалымдады. Кеңештин жыйынына БУУнун Майыптардын иштери боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс да катышты.
“Мамлекет башчысы жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан майыптык маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Биздин өлкөдө инклюзия маселелерин илгерилетүү боюнча маанилүү түзүм болуп майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңеш саналат. Бул кеңеш мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өзүнө, ал эми алар менен иштеген уюмдарга чечим кабыл алууга катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындай уюмдардын мамлекеттик финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык кызматтарды өнүктүрүү максатында мамлекеттик социалдык заказ ишке ашырылууда ” – деди министр.
министр.
2024-09-27