Эмгек министри: Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жарандарга ийгиликтин үлгүсүн көрсөтүүдө

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бүгүн Эл аралык дүлөйлөр күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып, майыптыгы бар кыргызстандыктардын жигердүү жашоо позициясын белгиледи.

“Дүйнөлүк тарыхта биз майыптыгы бар адамдар ийгиликке жеткен көптөгөн мисалдарды билебиз. Бетховен өзүнүн эң атактуу чыгармаларын такыр кулагы укпаган кезинде жазган. Америкалык дүлөй жазуучу, жумушчулардын укуктары жана аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн Хелен Келлердин күнү 40 жылдан ашык убакыттан бери белгиленип келет.

Көптөгөн кыргызстандык эркектер жана аялдар майыптык ийгиликке тоскоол эмес экенин күн сайын өжөрлүгү менен көрсөтүп келишет. Паралимпиадалык спортчуларыбыздын Париждеги оюну жаркын мисал.

Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү Президенттин жана Министрлер кабинетинин Төрагасынын инклюзиясынын туруктуу колдоосунун аркасында мүмкүн болду, ал жөлөкпулдарды жогорулатуу, майыптыгы бар адамдарды социалдаштыруу жана жумушка орноштуруу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат”, – деди Эмгек министрлигинин башчысы.

“Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коомдук бирикмеси уюштурган иш-чарада Жылдыз Полотова,  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата уюштурулган иш-чаралар алардын коомго аралашуусуна кадам таштоого мүмкүндүк берерин белгиледи.

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин башчысы  Кыргыз Азиздер жана дүлөйлөр коомунун Төрагасы Канат Жапаровго “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоонун отличниги” төш белгисин тапшырды.

Пайдалуу
Ссылкалар