Эмгек министри: Биздин улуу муундун өмүрү эрдиктин жана туруктуулуктун символу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Ысык-Ата районунда жайгашкан Төмөнкү – Серафимовка социалдык стационардык мекемесинин кызмат алуучуларын карылардын Эл аралык күнү менен куттуктады. Бүгүнкү күндө мекемеде 108 улгайган жаран жана 205 майыптыгы бар адам жашайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
“Быйыл биз Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ошондуктан Ата-Мекенибиздин түптөлүшүнө салым кошкон чоң аталарыбыздын жана чоң энелерибиздин майрамы өзгөчө мааниге ээ. Биздин улуу муундар басып өткөн өмүр – эрдиктин жана туруктуулуктун символу.
Министрлик тарабынан улгайган адамдарга берилүүчү социалдык жөлөкпулдар 100%га жогорулап, улуу муундун өкүлдөрүн активдүү карылык саясатына тартуу боюнча мамлекеттик программалар ишке ашырылууда”, – деди министр.
Акыркы үч жылда өлкө Президенти С. Н.Жапаровдун демилгелеринин алкагында улгайган жарандар маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Биздин Министрликтин социалдык мекемелеринде тамактануунун нормалары жана социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 100% га көбөйтүлдү, жигердүү узак өмүр сүрүү саясатына улуу муундун өкүлдөрүн тартуу боюнча мамлекеттик программалар ишке ашырылууда”, – деди министр.
Мекемеге ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Г.А. Кожокулова, Ж. П. Нурбаев, А. Д. Таштанбеков, Германиянын элчиси Габриэла Геллил барышты. Кызмат алуучуларга майрамдык дасторкон жана концерт уюштурулду.
Жылдыз Полотова Ысык-Ата районунун 100 жаштагы тургуну Кенжекан Курманованы да куттуктады. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жолдошу менен бирге 8 бала, 23 небере, 42 чөбөрө тарбиялаган. Министр узак жашаган айымга кайратман эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, күч-кубат каалап, белектерди жана материалдык жардам тапшырды.