«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын сентябрь айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 1 – сентябрынан 1 – октябрына чейин 4507 телефондон кайрылуу (бир суткада 150 чалуу) түшкөн.

135 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 34 же 25,2 % жаш балдар, ал эми 101 же 74,8% чоң кишилер), анын ичинен 99 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 22 абонентке психологиялык консультация берилген, 14 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

135 чалуунун ичинен: эркектерден – 24 (17,8%), аялдардан – 77 (57,0%), эркек балдардан – 15 (11,1%), кыздардан – 19 (14,1%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 29 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 22 (балдар 3);

– билим берүү системасы жөнүндө – 21 (балдар 1);

– психологиялык жабырлануу менен – 15 (балдар 13);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата – энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 13 (балдар 10);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 9 (балдар 2);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 7 (балдар 5);

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 5 (балдар 0);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 3 (балдар 0);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 3 (балдар 0);

– башка маселелер боюнча – 3 (балдар 0);

– мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 2 (балдар 0);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 2 (балдар 0);

– суицид жөнүндө – 1 (балдар 0).

4372 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 46 (34,1%);

– Чүй облусунан – 13 (9,6%);

– Ош облусунан – 12 (8,9%);

– Ош шаарынан – 6 (4,4%);

– Баткен облусунан – 6 (4,4%);

– Жалал – Абад облусунан – 5 (3,7%);

– Ысык – Көл облусунан – 5 (3,7%);

– Нарын облусунан – 4 (3,0%);

– Талас облусунан – 1 (0,7%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 37 (27,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар