Түркиянын борбору Анкара шаарында 2024-жылдын 1-6- октябрында “Экинчи Диаспора Жаштар Форуму” болуп өттү

Түркиянын борбору Анкара шаарында 2024-жылдын 1-6- октябрында “Экинчи Диаспора Жаштар Форуму” болуп өттү.
Түрк Мамлекеттери Уюмунун алкагында Түркия мамлекетинин Чет элдеги түрктөр жана бир тууган элдер Башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 1-6- октябрында “Экинчи Диаспора Жаштар Форуму” уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аталган форумга Германия, Бельгия жана Франциядагы 3 жаш активисти талапкер кылып катышууга жолдогон. Жалпы форумда Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун диаспораларынын 18 жаштан 30 жашка чейинки 25 жаш киши катышты.
Форум учурунда жаштар жалпы иденттүүлүк, тарых, тил жана түрк диаспорасына таасир тийгизе ала турган актуалдуу маселелер боюнча ар түрдүү семинарлар жана мастер-класстарга катышышты. Ошондой эле, ар бир диаспора мүчөсү өзүнчө презентация жасап, бири-бирин жакындан таанууга мүмкүнчүлүк алышты. Форумда спорттук иш-чаралар жана экскурсиялар дагы уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында, бардык катышуучулар 3-октябрда Анкарада өткөн «Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнү» майрамына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул майрам Түрк Мамлекеттеринин Уюмуна негиз салган Нахчыван келишиминин 15 жылдыгына арналган. Майрам учурунда түрк тилдүү өлкөлөрдүн элчилери, диаспора башчылары менен таанышуунун мүмкүнчүлүгү болду.
Форумдун акыркы күнүндө, жаштар Түркиянын Адана шаарында өткөн масштабдуу Технофестивалга (Teknofest) катышышты.
———————–
Пайдалуу
Ссылкалар