Кыргызстандыктар ноябрь айынын башында төрт күн эс алат
Кыргызстандыктар ноябрь айынын башында төрт күн эс алат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык 7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жумуш эмес майрам күндөрү катары аныкталгандыгын билдирет.
Бул күндөр бейшемби жана жума күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 2024-жылдын 7-ноябрынан 10-ноябрына чейин эс ала алышат.

2024-10-10














