“Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү 107 миң 183 бала алды

2024-жылдын 1-октябрына карата “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү 107 миң 183 бала алды.
Жалпы республикалык бюджеттен 429 973,0 миң сом , анын ичинен 1350,0 — 27 үч эм балага төлөнгөн.
Маалымат катары:
– бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт;
– бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 000 миң сом өлчөмүндө төлөнөт;
– “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуусу керек;
– “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы керек;
– акча каражаты арыз берилген күндөн 2 жумуш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт;
-жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.
-“балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн керектелүүчү документтер өзүңүзгө таандык жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк.
Эскертүү:
– “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн Калкты тейлөө борборунан алган арыз бланка зарыл эмес.
– жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.
Суроолор боюнча байланыш номер: 0312 312 502
Возможно, это изображение 1 человек, ребенок и больница
Пайдалуу
Ссылкалар