Эмгек министрлиги – Улуу Британиянын сезондук иштерине катышууга кошумча каттоо ачыларын жарыялайт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британиянын мезгилдүү айыл чарба жумуштары программасына катышуу үчүн кошумча онлайн каттоону жарыялайт.

Министрлик билдиргендей, кошумча онлайн каттоо 2024-жылдын 15-октябрында биринчи каттоо учурунда ыйгарым укуктуу оператор “Pro-Force” тарабынан өткөрүлгөн тандоодон бардык талапкерлер өтпөгөндүктөн ачылып жатат.

Кошумча каттоо  500 орунду толтуруу үчүн ачылып, талап кылынган катышуучулардын санына жеткенде автоматтык түрдө жабылат.

 

Каттоо бул программага биринчи жолу катышып жаткан жарандар үчүн гана жүргүзүлөт. Буга чейин программага катышкан жарандар оператор тарабынан талапкерлер тизмесинен автоматтык түрдө чыгарылат.

Маанилүү!!! Тандоонун биринчи этабынан өткөн талапкерлерге оффлайн маекке чакыруу электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.

2024-жылдын 15-октябрында ийгиликтүү катталган талапкерлер өздөрүн www.migrant.kg сайтынан таба алышат.

15-октябрында ийгиликтүү катталып, электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн анкетаны толтуруп үлгүрбөгөндөр, аны 22-октябрга чейин толтурууну өтүнөбүз.

 

Пайдалуу
Ссылкалар