Кыргызстан протездер менен камсыз кылуунун онлайн платформасын ишке киргизген КМШдагы биринчи өлкө болот
Кыргызстанда ” ATILAN “Эл аралык теле-реабилитациялык санариптик долбоору ишке киргизилүүдө. Тиешелүү меморандумга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана Сколковонун “Моторика”резиденти кол коюшкан.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан КМШда бул пилоттук долбоорду ишке ашырган биринчи өлкө болот.
Долбоор сайт, мобилдик тиркеме, маалымат базалары сыяктуу өз ара байланышкан маалыматтык системалардын комплексин камтыйт.
Бул комплекс майыптыгы бар адамдар менен, кол, бут протездерин, кресло-коляска өндүрүүчүлөрү, протездөө борборлору, кайрымдуулук фонддору жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
“ATILAN” камтыйт:
– техникалык реабилитациялык жабдуулардын жана протездик-ортопедиялык буюмдардын каталогу;
– техникалык реабилитациялык жабдууларды жана протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого электрондук арыз берүү;
– техникалык реабилитациялык жабдууларды жана протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого билдирмелерди эсепке алуу жана башкаруу;
– бейтаптарды каттоо жана ырааттуулугу;
– протездерди пайдалануучунун активдүүлүгүн белгилөө үчүн мобилдик операторлор аркылуу протездерди чиптөө;
– реабилитациялоонун техникалык каражаттарын жана протездик-ортопедиялык буюмдарды пайдалануу боюнча статистика;
– кабарлоо системасы, окуялар ж.б.
– протездерди колдонуу жана кароо боюнча нускама.
– контролдоо жана чыгаруу формалары.
2024-10-22