Эмгек министри Кыргызстанда россиялык Көп функционалдуу миграция борборунун филиалын ачуу маселесин талкуулады

Бүгүн, 25-октябрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Москва шаарындагы “Көп функционалдуу миграциялык борбор” мамлекеттик бюджеттик мекемесинин жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган мекеменин Кыргызстанда филиалын ачуу маселеси талкууланды.
“Филиалдын ачылышы жарандарга Россия Федерациясынын аймагына киргенге чейин зарыл процедуралардан алдын ала өтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, биздин өлкөнүн саясаты чет өлкөлөрдө легалдаштырылган ишке орноштурууга багытталган”, – деп белгиледи Жылдыз Полотова.
Министр ошондой эле Эмгек министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүндө жарандарды жеке кабыл алды.
Жарандардын бардык кайрылуулары министрдин жеке көзөмөлүнө алынды.
Пайдалуу
Ссылкалар