Кыргызстан Катарга Памир кыргыздарын Ооганстанга жардам берүү программасына киргизүүнү сунуштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова жана БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн алдындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Омар Султанов БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн алдындагы Катардын Туруктуу өкүлү Хенд Абдалрахман аль-Муфтах айым менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ооганстанды, анын ичинде этникалык кыргыздарды колдоо максатында БУУнун Женевада жайгашкан түзүмдөрү боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Кыргыз тарап Улуу жана Кичи Памирде 1500дөн ашуун адам жашаган этникалык кыргыздардын көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Кыргыз Өкмөтү аларга гуманитардык жардам менен жыл сайын миссияларды жөнөтүп турат.
Буга байланыштуу катар тарапка Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга, айрыкча аялдар менен кыздарга жардам берүү программасына алардын өзгөчө аярлуу абалын эске алуу менен интеграциялоо сунушталган.
Катардын туруктуу өкүлү Хенд Абдалрахман Аль-Муфтах ошондой эле Кыргыз делегациясына анын өлкөсүнүн агробизнес чөйрөсүндөгү Ооган үй-бүлөлөрүн колдоого, аларды креативдүү индустрияга интеграциялоого, ошондой эле инклюзивдүү экономиканы кеңейтүүгө багытталган долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Афганистандагы этникалык кыргыздарды колдоо боюнча долбоорлорду түзүү максатында деталдуу эксперттик консультацияларды улантууну макулдашышты.
Возможно, это изображение 5 человек и помост
Пайдалуу
Ссылкалар